Биз социалдык тармакта

15 орундуу сандарды оозеки көбөйттү. 12 жаштагы Нурболот Орусиянын телесынагына катышып, көпчүлүктү таң калтырды

12 жаштагы Нурболот Исматиллаев Россия-1 телеканалында "Удивительные люди" аттуу таланттуу адамдардын сынагына катышып, өз талантын көрсөттү. Анда ал 15 орундуу сандарды бир канча мүнөттүн ичинде оозеки түрдө көбөйтүп, акылы менен көпчүлүктү таң калтырды. Эфир кечээ, 25-октябрда болду.

Нурболот Исматиллаев "Интеллект" билим берүү борборунун тарбиялануучусу.

"Нурболот бизде, тагыраагы "Интеллект" борборунда 3 жылдан бери билим алып келет. Бирок пландык курсту бир жылдан бери алып жатат. Мындан сырткары көптөгөн олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга жетишип келет", - деди Нурболоттун мугалими Анара Сүйүнбаева.

Эске салсак, өткөн жылы Арсен Рахымбеков (калькулятор бала) өз билими менен көптү таң калтырган.

Кыргыз бала акылы менен таң калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asyl1998
2020-10-26 12:28:41
Азаматсын. Орус тилдуу болуп оскон балдар тушунгу терен болушат
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан