26-октябрь күнү саат 09:10до Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген жана Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.