Мындан кийин форма-2 Кыргыз өлкөсүнүн чегинде пайдаланылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алышат. Бирок шайлоо күнү коомдук тартипти көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга өздөрүнүн шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүүгө уруксат берилет. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде добуш беришет", - дейт Бекматов.
Эске салсак, БШК 24-октябрда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.