Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 17-октябрынан 25-октябрына чейинки аралыкта Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан "Бахус-Ролдо" аталышындагы бир апталык рейддик иш-чара жүргүзүлгөн. Рейддин жүрүшүндө жалпысынан жол эрежесин бузган 800 айдоочуга карата протокол түзүлгөн. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 29, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу 7, ылдамдыкты жогорулатып унаа башкаргандар 202, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылаткандар 9 жана мамлекеттик белгиси жок унаа башкарган 1 айдоочу аныкталып, 63 унаа убактылуу айып аянтчасына токтотулду.