Кыргыз элинин маданияты көчмөн турмуштун күчтүү таасири астында калыптанган. Кыргызстан заманбап өлкө болгонуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин маданий өзгөчөлүктөрдүн элементтери сакталып калган. Жоон билек баатырларыбыз тарткан көк бөрү оюну кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланышта.
Бул оюндун келип чыгышы тууралуу көптөгөн кептер, уламыштар айтылып жүрөт. Элге сиңип, көп айтылып калган бир уламышка ылайык, байыртан ата-бабаларыбыз малын тоонун төшүнө жайып, ага эч кандай деле короо салган эмес. Ошол мезгилде карышкырлар мал-жанга кол салып, аны кырып кеткен учурлар да көп болгон. Мына ушул мезгилде айылдан чыккан балбандар атын минип алып бөрүлөрдү качырып, жеткенин кармап тумшугун байлап, бири-бирине карышкыр өлгөнчө өткөрүп берип турушкан. Бара-бара бул оюнга айланып кеткен. Жоокерчилик заманда баатырлар бөрүнү тарткан болсо, кийин ал улакка алмашкан. Мындан улам көк бөрүнү элибизде улак тартыш деп да аташат. Бул оюн күчтү, шамдагайлыкты жана мыкты тапталган аттарды талап кылат. Оюндун өзгөчөлүгү ат үстүндө жүрүп, ээрде канчалык шамдагай жана туруктуу экендигин көрсөткөн эр жүрөк мырзаларды аныктоо. Белгилей кетсек, ата-бабаларыбыз ар кандай оюн, мелдеш учурунда суусунун кандырып, күч, кубатка ээ болуу үчүн улуттук суусундуктарды ичип келишкен.
Бүгүнкү күндө Максым Шоро өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын улуттук суусундугу деген расмий макамга ээ. Эки тармактын биригүүсү жөн жерден эмес. Суусундук да, оюн да улуттук баалуулуктардын бири.
Максым Шоро - дээрлик 30 жылдай рынокто өзүнүн ордун жоготпой, күн сайын суроо-талап жогору болгон азыктардын бири. Аталган суусундук адамдын ден соолугунун, күчүнүн жана кубатынын булагы. Көчмөндөрдүн чыныгы суусундугу, аны даярдоо ыкмасы муундан-муунга сакталып келген.
Кыргыз Республикасында жыл сайын командалардын ортосундагы турнирлер өткөрүлүп турат, ошондой эле улуттук курама команда эл аралык мелдештерге катышат. Быйыл 2-ноябрдан 8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарында ипподромдо президенттин Кубогу үчүн мелдеш өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 20 команданын ортосунда өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан 2017-жылдын 7-декабрында киргизилген.