Биз социалдык тармакта

Курманкул Зулушев жумушун эмнеден баштаганын Башкы прокуратурадан маалымдашты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 26-октябрда бир канча жаранды кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кабыл алуу учурунда арыз ээлерин түйшөлткөн соттук иштердин создуктуруулары, тергөөнүн жүрүшүндөгү мүчүлүштүктөр, кыймылсыз мүлктөрдүн айланасындагы талашуулар, пандемия учурундагы насыялардын өскөн үстөк пайыздары жана башка суроолорго прокурор жооп берди.

Өз учурунда Зулушев тарабынан жергиликтүү прокурорлордон арыздагы жүйөлөр боюнча мыйзам талабына ылайык чечимдерди создуктурбоо тапшырмасы берилди. Аталган багыттагы иштер дагы да уланат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан