Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек шаарынын мэри болот деген имиштер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бишкек мэрлиги тууралуу эч ким менен, эч качан сүйлөшүү болгон эмес. Андай планым да жок. Садыр Жапаров менен жолугушканым чын. Бирок биз өлкөдөгү кырдаал, кризистен чыгуу жолдору жана башка маселелерди сүйлөшкөнбүз. Бишкек мэрлиги боюнча сөз да болгон эмес. Рахмат!" - деп жазды Акаев.
Буга чейин социалдык тармактарда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин талапкерлигин сунуштап жаткандыгы тууралуу кептер тараган.