Биз социалдык тармакта

Өлкөдө өсүмдүк майга болгон баа бир аптада 20 сомго чейин өскөн

Өлкөнүн облустарында өсүмдүк майга болгон баа 5 сомдон 20 сомго чейин жогорулаган. Мындай маалымат Экономика министрлиги тарабынан маалым болду.

Тагыраагы, аталган мекеме 15-22-октябрга чейин азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзүп, анда баанын жогорулаганы белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын базарларында өсүмдүк майынын орточо чекене баасы 1 литрине 102-115 сомду түзөт. Бир апта ичинде ал 7 сомго кымбаттаган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азык-түлүктөрдүн чекене баасы орто эсеп менен 24,2 пайызга жогорулаганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Munir81
2020-10-27 09:46:16
5литр доня майы 420сом эле азыр 660сом ошондо 50пайызга оскон болобу Ким карайт бааны козомол кылган орган барбы
+3
Ariz0112
2020-10-27 09:49:29
Доня 5 литр 650дөн оптом 700дөн розницага болуп калыптыр К.кыя базарында. Жумуртканы майга куурубай сууга бышырып жеп калдык)
+3
bond02
2020-10-27 10:25:21
Митинг, пикет, бекерчиликтин кесепети.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан