Биз социалдык тармакта

Базар-Коргон районунда короодогу бакка эркек киши асынып алып өмүрүн кыйды

Кечээ, 26-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында короодогу жаңгак багына эркек киши асынып алып, өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында №15 турак үйдүн короосундагы жаңгак бакка кебетеси азиялык болгон 1971-жылы туулган эркек киши асынып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №78 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин алып түшүп ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан