Биз социалдык тармакта

"Башка жумуш издөөгө, кадрлардын жоголушуна алып келүүдө". Министрлик кинотеатрларды ачууну сунуштады

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөткө өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандыруу боюнча кат жөнөттү. Мындай маалыматты министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлик кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.

"Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келүүдө. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши эң татаал бойдон калууда. Ушул жылдын апрель айынан бери кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерлерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек. Бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир берип жатат. Узак убакытка иштебей калуу аларды башка жумуш издөөгө мажбурлоодо. Ал кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келүүдө. Ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон кинотасмаларды ижарага алуу жана кинотасмаларды сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

Маалымат үчүн: 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100 миллион сом суммасында бюджетин толтурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
basyz-kaman
2020-10-27 11:45:09
Кинотеатр?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан