Биз социалдык тармакта

Активист Төрөхан Жунусбеков мэрдин милдетин аткаруучу тарабынан кызмат сунушталганын айтты

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык мэринин креслосун талаш уланып, Балбак Түлөбаевдин мэрдин милдетин аткаруучу болушуна нааразы болгон тарап митингге чыкты. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, активист Төрөхан Жунусбеков буларга токтолду.

"Балбак Түлөбаев азыр мамлекет үчүн иштейм, Суракматовдун, Түлеевдин кишиси эмесмин деп жатат. Мурдагы кызматкерлер кетет, калганын дагы кетирем дегени үчүн колдоп жатам. Бирок мурдагы эле кадрлар менен иштейм десе, анда Түлөбаевди колдой албайбыз. Мен ойлойм, ал убадасына турат деп.

Түлөбаев мурункулар менен кийинкилердин ортосунда пикир келишпестик чыгып кетпеши үчүн ортодогу көпүрө болуп, мыйзам чегинде жаңыланууну жасайт деп күтүп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу тарабынан Төрөхан Жунусбековго кызмат орун сунуштаганын кошумчалады.

Журналисттердин: "Буга чейин "мен мэр боло алам, Садыр Жапаров өзү колдоп жатат" дедиңиз эле, ал маселе эмне болду?" деген суроосуна:

"Менин мэр боло турган амбициям жок болчу. Биз жаштардын бийлиги келсин, анын башында Садыр Жапаров турсун дегенбиз", - дейт Жунусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-27 13:22:42
Чагымчылдарды Кудай жазаласа экен!Кара жерге кир,элге тынчтык керек, кысып эле жөн жүрсүн!
+4
bond02
2020-10-27 13:41:16
Кой таксыр, сакал коюп алып анан элди дурботконун эмнеси.
+6
aslonur
2020-10-27 13:41:16
Сакалы кантет (джин) кинонун каарманыго, жөн эле жүрчү эми чыгат десе эле чыга бербей
+6
Adi010891
2020-10-27 15:07:55
Торохан сенда кет, Балбак сага да шамал, Гуля сен уйуно жоно, силерди кырылыштырбай, мэр мен озум болом
+3
Bermet01
2020-10-27 16:07:38
Сакалчандар афганистанга барып мэр болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан