Биз социалдык тармакта

УКМК: "Көлбаев сот тарабынан бошотулушу мүмкүн деген билдирүү чындыкка дал келбейт"

Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйын берип, анда ал кримтөбөл Камчы Көлбаев сот тарабынан бүгүн, эртең бошотулушу мүмкүн деген пикирин айтты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты четке кагып, билдирүү жасады.

"Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бүгүнкү билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана эч кандай негиз жок. УКМК коррупция жана кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кылмыш көрүнүштөрүн жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asel69
2020-10-27 13:30:39
Садыр Жапаровтон жакшылык кутууго болбой калды.
-11
Simels
2020-10-27 13:36:58
Asel69, Наалыбачы, сабр кыл баары жакшы болот буйруса. Садыр сыйкырчы эмес 1 жума, 1 айда эле баарын оңоп салгыдай
+6
Asel69
2020-10-27 13:51:52
Simels,
Буюрса болот деп эл кутуп олтура бербейт айлап жылдап.
-3
modem4999
2020-10-27 14:30:10
Simels,уже эле чалмакейди чалмакейди чала баштады го бугунку айтканы эртен жок бир мерди шайлай албай убарабыз.
-1
Bermet01
2020-10-27 14:41:59
modem4999
Азыркы Садыр шайлаган мэр Садырдын эшигин шыпырып, Садырга жан тартып жатканы чын. Кыскасы Садыр Жапаров жеке жашоосун ойлоп, жалан кошоматчы кадрларды туптоп жатат.
-1
bond02
2020-10-27 13:37:00
Менин оюмда Камчы турмодо эмес, сыртта эле болсо керек.
+2
Bermet01
2020-10-27 13:56:04
Садыр бандитизм саясатын улантып жатат. Мыйзамдуулук жок, мыйзамдуулуктан, олконун тагдырынан да, Садыр Жапаров озунун жеке жашоосун жогору коюп, жеке кызычылыгын жогору кылып салды. Жалан эски, кошоматчы кадрларды бекити. Биз онукпойбуз. Анткени Садырга окшогон озунун жеке жашоосун баарынан жогору койгон адам жакшылык алып келбейт. Садырдын максаты даяр бийлике келип, бир Цезарь болууну коздоп жатат
-1
ilbirs
2020-10-27 22:41:36
Жапаров менен эч кимдин иштегиси келбей жумуштарын таштап кетип жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан