Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз эл артисти маркум Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өтүп жатат. Аземде Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөдү.
"Бүгүн кыргыз эли кенч таап алды. Кенч түгөнбөйт, кең түгөнбөйт. Элмирбек менен бир доор, заман кеткен. Ошон үчүн баары ыйлаган. Менин арманым ушул болчу канчалаган ырлары, сөздөрү айтылбай өзү менен кеткени. Артында достору, замандаштары мээнет кылып, акындын айткан сөздөрүн, насааттарын китеп кылып чыгарып жатышат. Элмирбектин ар бир айткан сөзү салмактуу болчу. Кыргыз элинин ичинде согушуп дүйнөгө тааныткандар бар болгон, ал эми маданият менен дүйнөгө тааныткандардын ичинде Элмирбек Иманалиев бар", - деди ал.