СИЗО-1де ачкачылыгын улантып жаткан мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге Кыйноолордун алдын алуу боюнча борборунун кызматкерлери жолугуп чыкты. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алмазбек Атамбаев төрт кишилик камерага киргизилген. Ал СИЗОнун биринчи кабатында жайгашкан. Анын жанында дагы бир жаран чогуу отурат. Сүйлөшүүдө Атамбаев абактын шартына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, камера муздак.
Учурда ал ачкачылыгын улантууда жана анын талаптары ачык сот ишин жүргүзүп, тез арада №47 мекемеге которуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.