Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кызын турмушка узаткан тойканага айып салынды. Бул тууралуу санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчиси Медербек Амангелдиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Шаар тургундарынан келип түшкөн даттанууга ылайык, бүгүн, 27-октябрда "Фрунзе" рестораны текшерилди. Ага ылайык, 293-берене боюнча ыйгарым укуктуу органдын талаптарын аткарбаганы үчүн протокол түзүлүп, ал жеке ишкер болгондуктан 3 миң сом өлчөмүндө айып салынды", - деп билдирди Медербек Амангелдиев.
Белгилей кетсек, 25-октябрда депутат Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данек Текебаеваны борбордогу тойканалардын биринде турмушка узаткан.