"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшен Ирсалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Дүйшен Ирсалиев "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору болуп 2015-жылы 12-ноябрда дайындалган.