Бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг өтүп жатат. Анда чогулгандар кечээ, 27-октябрда ээлеген кызматтарынан бошотулган вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевдин кайрадан жумушка кайтып келишин талап кылышууда.
Өзүн "Бишкек жылуулук энергосунун" кызматкери катары тааныштырган жаран Мозгачева менен Абдылдаев алардын тармагында жетекчилик кызматта иштеп кеткенин билдирди.
"Эки вице-мэр тең бизде жетекчилик кызматта иштеп кеткен. Алар жасаган иштери жогорку деңгээлде болгон. Жаштарды жумушка тарткан. Алар кесипкөй адистер", - деди митингдин катышуучусу.
