Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жаңы курулган 100 орундуу инфекциялык ооруканадан фоторепортаж

Бүгүн, 28-октябрда коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпустун ачылыш аземи өттү. Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров жана Республикалык инфекциялык оорукананын кызматкерлери катышты.

Объектти каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 77 миллион 500 миң сом акча каражаты сарпталды.

Заманбап оорукана өлкө аймагында биринчи жолу курулуп жатат. Бул объектин курулушунда пайдаланылган курулуш ыкмалары жана технологиялары бышык жана сапаттуу болгондуктан оорукана кеминде 50 жылдан кем эмес убакыт элге кызмат кылары айтылды.

Оорукана бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалган: 180 даана медициналык жабдуулар, анын ичинде эмеректер, компьютердик техникалар, мобилдик рентген аппараты, портативдик УЗИ, өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ, ВИПАП ) аппараттар, дефибриллятор, керебеттин жанына бейтаптардын абалын байкоо жүргүзүүчү мониторлор коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zheenbaev95
2020-10-28 18:56:22
Ушинтип иштеп жаңы мектеп больница салса болот турбайбы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан