Биз социалдык тармакта

"Шаарга күйгөн жаран, бирок иштеше албайбыз". Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетованын жумуштан кеткени боюнча үн катты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрдин кеңешчиси болуп иштеп келген Гуля Алмамбетованын жумуштан кеткенин ырастады. Түлөбаев Гуля Алмамбетова менен иштеше албай турганын ачык айтты.

"Гуля Алмамбетова жумуштан кетти. Мен ага чогуу иштешкенибиз үчүн рахматымды айттым. Ачыгын айтканда, ал киши менен иштеше албайм. Мүнөздөрүбүз туура келбейт. Мурун жалпы команда үчүн деп иштешип жүргөнбүз. Гуля Идиновна чыгып алып айткандарын өз абийирине койдум. Бирок ага дагы рахмат. Анткени ал дагы шаарга күйгөн бир жаран. Бактылуу болсун, аман болсун!", - деди Балбак Түлөбаев.

Ал эми Гуля Алмамбетова жумуштан кетүү себебин кечээ, 27-октябрда эки вице-мэрдин жумуштан бошотулушу жана мэрдин милдетин аткаруучуга кеңешчи керек эмес экендиги менен түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rysik79
2020-10-28 22:17:17
Бул кыз баягы илибоюн идинары бери деген омар хаямдын ырларына окшогон кыз да.
+4
Nur777
2020-10-28 22:17:47
Согунчоок,маданиятсыз,жагымсыз аял болчу...туура кылыптыр кетирип.
+8
Bermet01
2020-10-28 22:41:40
Садыр Жапаров озунун жеке жашоосун гана ойлогон шумшук адам экен. Бывшый ууру, ичип жеген кадрларды кайра алып келди. Садыр оз билемдиген кылып, чар жайыт кылганын токтотсун. Зектердин мыйзамын турмого барып кылсын. Иши кылып Садыр бардак кылды. Балбак Тулобаевке мурда кылмыш козголгон. Ага карабай мэрлике дайындап койду.
-10
TIMON_BERKOWITZ
2020-10-29 09:46:08
Bermet01, качан и эмне боюнча иш козголду эле Б. Тулебаевге??
0
Bermet01
2020-10-28 22:43:41
Садыр Жапаров бийлик, байлык дегенде олуп кала турган шерменде экен. Мындай акмактарды биринчи корушум. Бир убакта Садыр, Ташиевтер забордон секирип бийликти басып алганга аракет кылышкан. Анын баарын эл билет. Эми ушул акмактар азыр бийликти жеке менчик кылганга аракет коруп жатышат. Аягы эл буларды кууп чыгат.
-8
Mamajanovna77
2020-10-29 08:24:37
Bermet01,суперде негатив комент жазып жашайсыңбы тооба.качан караба нааразы болуп эле басып жүрөсүн
+3
Gabiku
2020-10-29 08:59:13
Bermet01,озундун колундан б.к келбей эле бироого сын такканга жол болсун, же тиги Гуля тууганын болуп кетеби
+1
jaz99
2020-10-29 07:16:54
Садыр акча деген адам эмес ар киминер суйлойт деселе суйлой бербегиле жанина барып суйлошуп кордунорбу эл учун куйгон патриот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан