Биз социалдык тармакта

Эне тилге эки мүнөт: "Кол ийиктей эпилдеген келинине Бурмаш суктана карады". Кол ийиктей дегенди кандай түшүндүңүз?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Түсүн үйрүү - кагып-силкип сүйлөө, каардуу болуу, жекире ачуулануу. Мисалы: Баягысындай түсүн үйрүп, ыгы келе калганда тоо арасындагы бейпил журтту ийре салат. (Т.Сыдыкбеков).
2. Жолун кыя өтпөө - жамандык жасабоо, кыянаттык кылбоо. Мисалы: Жолуңду кыя өткөн жок элем го. (Ч.Айтматов).
3. Кол ийиктей - жеңил-желпи, элпек, тил алчаак. Мисалы: Кол ийиктей эпилдеген келинине Бурмаш суктана карады. (Ш.Садыбакасов).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан