
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
- Бишкек шаары – 1;
- Ош облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 605 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 309 медкызматкер сакайып чыккан.