Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду СИЗО-1де калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сот процесси Фарид Ниязовдун катышуусу жок өткөн. Ал 10-декабрга чейин СИЗО-1де калтырылды.
Эске салсак, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтында болгон баш аламандыкты уюштурууга шектелип жатат.