Биз социалдык тармакта

Таластын талаасынан Кызыл китепке кирген пеликан кармалды (сүрөт, видео)

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар айылында пеликан кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Инспекциядагы экологиялык башкармалыктын башчысы Максат Өмүровдун SUPER.KG порталына берген маалыматына ылайык, кармалган биргазан түрүндөгү пеликан Кызыл китепке киргизилген.

"Пеликанды Кайнар айылынын талаада уча албай жаткан жеринен алып келиптир. Биздин инспекцияга чалганда, кызматкерлер барып кушту алып кеткен. Учурда биргазан "Бугу Эне" реабилитациялык борборуна жайгаштырылды" , - деди Өмүров.

Таластын талаасынан кызыл китепке кирген пеликан табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан