Биз социалдык тармакта

"ЖЭБдеги түтүн башка жактан чыгып жатат" деген видео тарады. Мекемеден абалды тактап жатышканын билдиришти

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан ЖЭБден түтүн чыгып жаткан видео интернетке жарыяланды. Анда ЖЭБдин аймагынан үч жерден түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору "ЖЭБде кайрадан авария болдубу?" деп айтканын угууга болот.

Бул боюнча аталган мекеменин байланыш бөлүмүнөн окуя такталып жатканын, жакынкы аралыкта маалымат берилерин билдиришти. Ал эми "Улуттук энергетикалык холдингдин" басма сөз кызматынан билдиргендей, ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат. "Азыр чукул жыйын өткөрүлүп, анда шаар боюнча электр энергиясынын өчүрүлүшү жана ЖЭБ боюнча абал талкууланат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан