Каржы полициясы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысын кармады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жүк ташуу жана коммерциялык жумуштар бөлүмүнүн башчысы Ж.К. тиешелүү уруксат документтерисиз, темир жол вагондорун мыйзамсыз кесүү иштерин жүргүзүү учурунда кармалып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган.
"Учурда бул иш боюнча Биринчи Май райондук соту тарабынан келтирилген чыгымды аныктоо, ошондой эле аталган мамлекеттик ишкананын мүлкүнүн мындан ары ысырап болушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.