Маңдайыңызда сизге жаккан адам турат. Мындай учурда өзүңүз да байкабай, сезимиңизди кыймыл-аракетиңиз менен билдирип коюшуңуз мүмкүн. Эмесе, сексуалдык кыймылдар жана алардын маанилерин чечмелеп көрөбүз.
АЙЫМДАР
Чач. Аялдардын эң биринчи куралы – чач. Колу менен чачын артка серпип, колуна чачын ороп же кармалап калуу көп эле айымдардын адаты. Бул кыймыл менен ал сизге жагуунун амалын кылып жаткандагысы. Бул белги кааласа да, каалабаса да эркектин сексуалдык каалоосун күчөтөт. Ал эми айым башын чулгуп, чачын серпип койсо, демек, сиз менен убактысын өткөрүүгө даяр экенин билсеңиз болот.
Сыйпалоо. Айым суусундук ичип жаткан бокалынын же чай ичип жаткан чынысынын кырын сөөмөйү менен сылап, сизди таптакыр карабай, терең ойго батышы мүмкүн. Муну сиздин сексуалдык кудуретиңизден шектенип жатканы деп түшүнсөңүз болот.
Көздөр. Эгерде айым сизди кыйгач тиктеп, анан көзүн тартып кетип кайра тигилсе, сизге кызыгуусу артып жатканы. Мындай көз карашты байкасаңыз, айымдын жанына барып, жакындан тааныша берсеңиз болот. Ал эми каректер коюуланып жана чоңоюп, сизден көзүн албай тиктесе, сизге болгон сексуалдык каалоосу күчтүү. Романтикалык кечелерде үлбүрөгөн шамды коюп коюшканы да бекеринен эмес. Бул көздүн карегин чоңойтуп, сексуалдуу кылып көрсөтөт.
Билектер. Эгерде билектеринин көркөмдүүлүгүн сизге көрсөтүп, билеригин же саатын улам оңдой берсе, анда айым өзүнүн сексуалдуулугун көрсөткүсү келгени.
Эриндер. Эң сексуалдуу кыймыл эриндердин жарым ачылып турганы. Мындай белги эркектердин делебесин козгоп, магниттей тартат. Ал эми алдыңкы эринин жалап же тиштөөнү адатка айланткан айымдар өзүнүн сексуалдык каалоосун жашыргысы келгендер. Колун чөнтөгүнө салып басканды жактырган айымдарды каалоосун күч менен баскысы келгендер деп түшүнсө болот.
Буттар. Айым сизге карап отурат дейли. Бутун бекем кайчылаштырып алса, демек, сизге болгон кызыгуусун күч менен жашырып жатканы. Айрым учурларда айымдар катуу дүүлүгүп чыкканда ушундай абалда отурушат.
ЭРКЕКТЕР
Каштар. Эгерде кирип келген мырза сизди көпкө тиктеп, анан кашын өйдө көтөрүп койсо, сиз ага жагасыз. Ошондой эле мындай кыймылды сиз менен кантип жакындашуунун айласын таба албай жатканы деп кабыл алсаңыз болот.
Мурун. Эркектер жаккан айымын көргөндө толкунданып кетишет. Муну билгизбөө үчүн мурундарын жанып же болбосо таноолору эрксиз дердеңдей түшөт.
Буттар. Айымга сексуалдык жактан тартылган эркектер отурганда эки бутун адаттагыдан бир аз ачып коюшат. Бул кыймыл туруп сүйлөшүүдө да, отуруп сүйлөшүүдө да өзгөрбөйт. Демек, төшөк оюнун каалап жатканын ушул кыймылдан билсеңиз болот.
Кармалоо. Сиз менен сүйлөшүп жатып галстугун оңдоп же костюмунун топчуларын кармалап жатканын байкадыңызбы? Анда сиз ага катуу жагасыз. Ал эми костюмун ийинине илип алса, демек, сизге карата эч кандай кызыгуусу жок деп билсеңиз болот.
Көз караш. Сизди көзү менен чечиндирип жатат. Айымдардан айырмаланып, эркектер жаккан айымын бир карап, анан көзүн тартып кетпейт. Буттун бармагынан тартып чачтын учуна чейин рахаттана тигилсе, анда сизди төшөктөгү өнөктөшү катары элестетип койду.
БИРИНЧИ ЖОЛУ...
Биринчи жолу жолугушууга барганда эле өнөктөшүңүздүн кыймыл-аракетинен көп нерсени билип алсаңыз болот.
Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №386 санына жарыяланган.