Жалал-Абад шаарында коронавирус инфекциясы кооптуу бойдон калып жаткандыктан шаардагы унаа базары белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Коронавирус көбөйүп жаткандыктан шаардык штаб массалык чогулууну болтурбоо максатында бул чечимге келди", - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.
Мындан тышкары, шаардагы тойканалар, интернет клубдар, бильярд залдарынын ишмердүүлүгү белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.
Жалал-Абад облусунда жалпы 6 миң 877 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.