Биз социалдык тармакта

"Сабактар кадимки форматта өтүлө баштайт". Билим берүү министри түз эфирде суроолорго жооп берди

Бүгүн, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди.

Эфир маалында онлайн окутуу, мектеп фондуна берилчү каражат тууралуу суроолор берилди.

Министр 2-чейректен баштап мектептер кадимки форматта окутууну улантып башташы үчүн аракеттер жүрүп жатканын айтты.

"Мектепти жай турмуш форматында ачуу боюнча иштеп жатабыз. 2-чейректен баштап балдарды мектепте окутабыз деп турабыз. Бул жерде жергиликтүү бийликтин чечими керек. Бирок эпидемиологиялык абал курч болгон аймактарда билим берүү мекемелери ачылбай турат. Ар бир жердеги абалды локалдуу түрдө карайбыз. Түшүнүп жатам, ата-энелер абдан кыйналды. Онлайн окутуу көп нерсеге жолтоо болуп жатат. Пандемия дүйнө жүзү боюнча жүрүп жатат. Ата-энелер бул нерсени туура кабыл алып, баа бересиздер деп ойлойм. Бүгүн өкмөткө жана республикалык штабга атайын алгоритм иштеп чыгып, сунушубузду бердик", - деди министр.

Мындан тышкары министрге "Мектептеги фонддор жоюлабы?" деген суроо берилди.

"Ата-энелерден акча чогултуу боюнча жаңы сунуш даярдап жатабыз. Бул маселе боюнча көз карандысыз фонддор болушу керек. Фонд болгон күнү да ар бир ата-эне милдеттүү түрдө төлөбөшү керек. Мектеп бүтүрүүчүлөрү, меценаттар, жергиликтүү ишкерлер биригип, билим берүүгө колунан келген салымын кошкон фонддор негизделсе болот. Бирок ата-эненин шартына карабай туруп, белгилүү бир сумма жыйнаган туура эмес. Бул боюнча чоң кадамдарга барабыз деп турабыз", - деп жооп берди Алмазбек Бейшеналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2020-10-30 07:49:08
Дагы эле ошо экен да фондко акча бер. Бербесен баары берип атат берип кой да десе уялганындан таап бересин. Бирок тан калам жылда ошондо бала бутот, топтогон акчаларын каякка жумшаганы белгисиз. Сентябрда кандай ремнот болсо ошол бойдон озгоруусуз турат. Сурасан директорго анан гороного да беребиз дешет.
+5
saat1200
2020-10-30 16:52:56
nazira..., Туура айтасыз. Ата -энелерден токтогону болбойт. Бирок министрдики да туура. Башка булактардан фонд түзүлсө болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан