Кечээ, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коом менен тыгыз байланышта болуу максатында Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарында түз эфирге чыкты. Анда көрөрмандар суроолорун узатышып, министрдин өзүнөн жооп алышты.
Анда көрөрмандар суроолорун узатышып, министрдин өзүнөн жооп алышты.
Суроо: Качан мугалимдер административдик ресурс катары пайдаланылбай калат? Шайлоодо алардын укуктарын ким коргойт?
Мугалимдерди администрациялык ресурс катары пайдаланып жатышы албетте туура эмес. Алар билим берүү, таалим-тарбия менен гана алек болушу керек. Бул маселе боюнча Садыр Нургожоевичке киргенде айтам. Анда билим берүү тармагын саясатташтырбоо жана мугалимдерди шайлоолордон оолак кармоо тууралуу саясий эрк, иммунитет сурайм", - деп жооп берди министр.
Мындан тышкары Алмазбек Бейшеналиев мугалимдер жазган иш кагаздардын саны абдан көп болгондуктан, практикалык сабактарга жетиштүү деңгээлде убакыт бөлүнбөй жатканына токтолду.
"Кереги жок маалыматтарды жазып, балдарга сабак бергендин ордуна, мугалимдер иш кагаз жүктөмдөрү менен отурушат. Ошондуктан биз эксперттик комиссия түздүк. Ал жерге мугалимдер, директорлор, завучтар киришти. Азыр комиссия иштеп жатат. Кайсы иш кагаздарын алып койсок юридикалык жактан туура болот жана мугалимдерге жеңилдик болот деген маселе коюлду. Ошонун жыйынтыгы менен формалдуу иш кагаздарды оптималдаштырабыз", - дейт Бейшеналиев.