Биз социалдык тармакта

Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат

Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туура келсе, эс алуу күнү майрам күндөрүнөн кийинки алгачкы жумуш күнүнө жылдырылат.

Муну эске алуу менен күзгү каникул 2-ноябрдан баштап 10-ноябрга чейин созулат.

2020-жылдын 11-ноябры – II чейректин алгачкы окуу күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-10-30 10:54:43
Окубаса кайдагы каникул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан