Кыргыз фермерлери быйыл тогуз ай аралыгында 28 өлкөгө 38 миң 400 тонна төө буурчак экспорттоду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жыл сайын өндүрүлгөн төө буурчактын 90 пайызы экспорттолот. Быйыл тогуз ай ичинде 38 миң 400 тонна буурчак 28 өлкөгө (Түркия, Сербия, Орусия, Болгария, Македония жана башка өлкөлөргө) экспорттолду.
Чет өлкөлүктөрдүн суроо-талабына арзыган "Лопатка" сортундагы төө буурчактын баасы 80-86 сомду түзөт. Былтыр 53-55 сомго бааланган.
Эске салсак, 2019-жылы 93 миң 500 тонна төө буурчак экспорттолгон.