Бүгүн, 30-октябрда Республикалык наркологиялык борбордун кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы наркологиялык борборго байланышты.
"Биз иштеп жаткан имаратты тери-венерологиялык диспансерге берүү тууралуу буйрук Саламаттыкты сактоо министрлигинен келди. Ал эми биз кайсы жакка барып иштейбиз белгисиз. Андыктан борбордун кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгууга мажбур болушту", - дешти наркологиялык борбордогу кызматкерлер.