Биз социалдык тармакта

UFC уюмунун президенти Дана Уайт Хабиб Нурмагомедов атасы үчүн жеңиштеринин санын 30-0 кылышы керектигин айтты

UFC уюму жакында эле карьерасын жыйынтыктаган атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду атасы Абдулманап Нурмагомедов үчүн кайра сегиз бурчтукка кайтып келүүгө чакырат. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт чет элдик басылмаларга билдирген.
"Менин оюмча, ал биротоло кеткен жок. Ал акыркы беттеште жеңишке жеткенде өтө эле эмоционалдуу болчу. Мен анын 29-0 эсебиндеги жеңишин 30-0гө жеткирет деген ойдомун. Анын атасы дагы 30-0 жеңишин каалаган. Хабиб анын тилегин орундатуу үчүн кайтып келе алат", - деген Дана Уайт.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини утуп алгандан кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган. Ал жалпы 29 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жетишкен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Merch
2020-10-30 18:05:18
Кайтпайт
0
Dolbooruwka
2020-10-31 10:53:10
Булар эптеп Хабибтин женилишин кутуп жатат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан