Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, бешөө жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Жол кырсыгы кечээ, 29-октябрда саат 18:40 чамасында Кербен-Таш-Көмүр жолунун 38-чакырымында орун алды. Анда 1998-жылы туулган К.у.О. Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен Аксы районунун Кара-Жыгач айылын көздөй келе жатып, 2002-жылы туулган Н.у.Б. башкарып бара жаткан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын жүргүнчүлөрү Б.у.М., И.у.С. жана А.у.И. каза болгон. Ал эми жаракат алган 5 адам ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
orozali.krg
2020-10-30 18:02:24
Кайран жаш өмүрлөр
0
Margana93
2020-10-30 18:59:47
Айылдаштарым эле
0
aslan_akjol89
2020-10-31 10:44:51
Ошол жерде ямаларды жамап коюшпайт Т.К ДЭУ.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан