Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Наргиза Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Мансурова Наргиза Аскаровна берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду", - деп билдиришти президенттик аппараттан.
Наргиза Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 2020-жылдын январь айынан бери иштеп келген.