Биз социалдык тармакта

Абайлаңыз. Ала-Бел ашуусунда жолдун тайгактыгынан тыгындар пайда болууда

Ала-Бел ашуусунда жолдун тайгактыгынан тыгындар пайда болууда. Бишкек-Ош шаарына жолго чыккан айдоочуларга унаалары үчүн керектүү шаймандар менен чыгуу эскертилет. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аба ырайынын шартына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткен кардын жаагандыгынан улам унаалардын дөңгөлөктөрүндө көйгөйлөр жаралды. Бишкек-Ош унаа жолундагы кээ бир оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын керектүү шаймандарды албай жолго чыгып алгандыктан аталган жайларда тыгындар жаралууда.

"Азыркы учурда пайда болгон тыгындар тийиштүү кызматтар менен биргеликте жоюлуп, жолдор тазаланды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-10-30 20:26:00
Кыргызстан боюнча баары тыгылдыго тыгыла турган жерге артка кайтсан олосун алдыга десен чыга албайсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан