Биз социалдык тармакта

Билим берүү жана илим министри мектептердеги рэкетчиликти жоюунун жолун айтты

Мектептердеги рэкет маселесин жоюш үчүн 1-класстын окуучусу менен 11-класстын окуучусу бир мектепте окубашы керек. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

Түз эфир маалында жарандар министрге мектепке балдарды киргизүүдөгү көйгөйлөр, бир эле класста 40тан ашык окуучу окуп жатканы жана мектептердеги рэкетчилик тууралуу суроолорун узатты.

Ага министр төмөндөгүдөй жооп берди.

"Өлкөдө кээ бир мектептерде балдардын саны өтө көп болсо, кээ бир мектептерде тескерисинче, балдардын саны жетишпейт. Бул, албетте, билим берүүнүн сапатына жараша болуп жатканын түшүнөбүз. Биз ушул нерсени калыбына келтирүү үчүн эки пилоттук долбоор даярдап жатабыз. Ал долбоорду Бишкектин бир району менен Токмокто уюштурсак деп учурда эсептөөлөрдү баштадык. Ага ылайык, мектептердин формасы өзгөрөт. Мисалы, белгилүү бир мектепке жалаң башталгыч класстар барса, дагы башка мектепке орто класстын окуучулары, кийинкисине жогорку класстын балдары баргыдай кылып бөлүп, оптималдаштырып, жетпей жаткан орундардын көйгөйүн чечебиз. Анткени бир мектепте 1-класстын окуучусу менен 11-класстын баласы чогуу окугандын пайдалуу жактары менен бирге эле, терс жактары дагы бар. Мисалы, чогуу окуганда рэкет маселеси, тарбиялык жагы боюнча маселе жаралышы мүмкүн. Ошондуктан мектептерди жаш курагына жараша бөлүү боюнча маселе каралып жатат", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Welcome.
2020-10-30 23:51:52
11- класстын окуучусу 1-класстын окуучусуна налог салабы логика? 11-класстын окуучусу салса 9-10 класстын балдарына налог салат, ошол үчүн болуш керек, мисалы бири эртең менен, бири түштө дегендей
0
AdylbekB84
2020-10-31 00:59:53
Бул министрдин айтканындай болсо бир мектепте окуп жаткан 11- а, б, в, г класстарына дагы 4 класс келип кошулуп д, е, ё, ж болуп талпа болуп уруш ошондо күчөйт, рекетчилик ошондо башталат кайра! Бул прогроммасы болбойт!
+1
PROS
2020-11-01 07:24:18
Логикаң менен жерге кир! 11-класстын окуучусу өзүнүн эле классташтарына деле рэкетчилик кылбайт деп ким кепилдик бере алат?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан