Биз социалдык тармакта

"Мен фейк эмесмин". Айсулуу Тыныбекова "Фейсбукта" расмий баракчасын ачканын жарыялады

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова "Facebook" социалдык тармагына расмий түрдө катталды. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.

Ал видео тиркеп, анын алдына "мен фейк эмесмин, баракчада өзүм отурам. Айтылган бардык каалоо-тилектер үчүн чоң рахмат", - деген билдирүүсүн калтырган.

"Саламатсыздарбы агалар, эжелер жана достор. Мен Фейсбукта өзүмдүн расмий баракчамды ачтым. Буюрса, мындан ары сиздер менен байланышта болом. Колдооңуздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем", - деп айтылат видео кайрылууда.

Белгилей кетсек, спортчу Айсулуу Тыныбекованын Инстаграм баракчасына 142 миңден ашуун интернет колдонуучулары катталган.

Айсулуу Тыныбекова Фейсбукта расмий баракчасын ачканын жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан