Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев Орусияда расмий иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орусия Федерациясында расмий иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын жүрүшүндө өнөктөш кызматкерлердин расмий жетекчилери менен жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле Орусия Федерациясындагы мекендештер менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган", - деп билдиришти УКМКдан.
"Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп 16-октябрда дайындалган.