Биз социалдык тармакта

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 4 жашар бала аман-эсен табылды

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 4 жашар баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 27-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Жал кичи районунда бала дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

"Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барышканда Н.Ж. аттуу шаар тургуну 2016- жылы туулган баласы короодо ойноп жүрүп, дайынсыз болгонун айткан. Кызматкерлер аз убакыттын ичинде баланы таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти. Өз кезегинде баланын апасы милициянын кайгуул кызматкерлери ыраазычылыгын билдирди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2020-10-31 13:35:32
Азаматсынар,жакшы жанылык!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан