Биз социалдык тармакта

Бишкекте Франциянын президентине каршы митинг болду

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарында Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы митинг болду. Ага болжол менен 200-250дөй киши катышты.

Иш-чарага чыккандар Франциянын өлкө башчысы мусулман элинен кечирим сурасын деген талаптарын айтышты. Митингге чыккандар талаптарын билдиришкенден кийин бешим намазын окуп, тарап кетишти.

Буга чейин Эммануэль Макронго каршы митинг Ош, Жалал-Абад облустарында да уюштурулуп, администрациядан чыккан адамдар таратып жиберген.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон сөз эркиндиги маселесине катаал мамиле жасап, мусулмандарга жумшак мамиле кылбоону сунуштап, исламга каршы күрөштү уланта берерин билдирген. Бул чечими менен Франциянын президенти дүйнө жүзүндөгү миллиондогон мусулмандардын каргышына калды. Франциянын коомдук жайларында Мухаммед пайгамбардын таалимдерине шек келтирген карикатуралар илинген. Жогорудагы маалыматтарды чет элдик басылмалар жазып, азыркы тапта Франция дүйнө жүзүнүн көңүл борборунда болуп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2020-11-01 14:52:33
Ээу кыкендер токтотпойлубу эми митинг деген нерсени, Франция кайда Бишкек кайда же Макрон менен туз эфирге чыгып жатасынарбы? Мисалы ошол эле жерге субботникке чакырса барбасанар керек эле э.
-3
nurbek11
2020-11-01 14:55:49
Азаматтар эн жакшы митинг болуптур аз саз тынч дегендей.
+15
Asel69
2020-11-01 15:15:03
Франция алда канча алдыга карай онуккон мамлекет. Коптогон мусулман олколору европага барып, жан багып журушот. Кыргыздар ашкере исламчыл мусулман болбой эле коелук. Пайда таппайбыз. Ислам дини азыр кризисте. Мусулманбыз деп орто кылымдагы диний доктрина, тушунуктордон чыга элек. Дин бул жомок. Адамдарды кул сыяктуу кылып кпрмап турган идеялогия. Башында бир молдосу болот, ал ар кайсы жомокторду, доктриналарды иштеп чыгат, ошол жалган диний доктрина м-н элдин башын айлантмай
-23
Arzybekkg
2020-11-01 18:15:20
Asel69,сен жанакы озун кудай деген Арстан Алайдын жугундусун ичкен ит окшойсун
+6
guljan929
2020-11-01 21:53:43
Asel69, ар кимдин өз ыктыяры, каалагандай жаша. бирок бейиш тозок бар экенин унутпайлы. алдында ар бир ишибиздин сурагы бар.
Буткүл ааламдын жаратуучусу Алладан корколу
+6
bekov01
2020-11-01 15:58:32
Ен жакшы жол Алла жолу деп айтылат. Алланын елчисин биздин пайгамбарды коргогонго милдеттуубуз
+15
Nina.alex
2020-11-01 16:17:52
Францияны коюп мурдунардын богун тазалап алгыла чы
+3
Aybiyke
2020-11-01 16:34:00
Арстан Алайдан сурап коруш кк
-3
Liliia
2020-11-01 18:52:40
айланайын кыргыз элим оору кучоп турган маалда кысчу жеринерди кысып эле уйдо отургулачы. Макрон силердин митинг кылганынарды коргон деле жок.
Анан мусулман бироо барып чиркоодогулорго кол салып бир бейкуноо аялды союп салыптыр эмнеге ошого митинг кылбайсынар биз мусулмандар зоокурлукко зомбулукка каршыбыз бизди кечирип койгула ошол акылсыз мусулман бир тууганыбыз учун деп аялдын бала чакасына
+3
zamir_kgz
2020-11-02 04:00:17
Liliia, сиз так маалымат жаздынызбы? Чала молдо дин бузар болуп жашабай Исламды терен изилдоо кажет. Исламда (-) эмес, адамдарга(+)тарабы аябай кооп.
+2
zamir_kgz
2020-11-02 04:03:36
Улуу Кыргыз элим бир гана Жалгыз Кудайга ишенет, жана эл учун кызмат кылгандардын аты эч качан очпойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан