Биз социалдык тармакта

Аялзатынын аялуу жери

Дүйнөдө төшөк кумары тууралуу изилдөөлөр алдыңкы орунга чыгып келет. Анткени төшөк өнөрү аял менен эркектин ортосундагы мамилени ысытат жана бекемдетет. Муну жөн гана тукум улоо үчүн эмес, жашоонун кумары катары да карасак болот. Ал эми төшөк ырахатын сезүүдө клитордун ролу чоң.

Клитор деген эмне?

Клитор (лат. Clitoris-кытыгылоо) – аялзатынын организминдеги эң эрогендүү зона. Эркектерде болсо жыныс тилчеси (клитор) кездешпейт. Клитордун эң башкы милдети – жыныстык катнашта оргазмды сездирүү. Тактап айтканда, айымдардын 8 миңден ашык нерв клеткаларынын чогулган жери. Ал эми анатомиялык жактан алып карай турган болсок, клитордун кичинекей башы, денечеси, буттары болот. Формасы боюнча үч бурчтукту түзөт. Клитор эки денечеден турат. Мына дал ушул денечелерде кан топтолуп, дүүлүгүү жүрөт. Теридеги бырыштар клитордун башын жаап турат. Адамзат өз көзү менен бир гана дөңчө сымал клитордун башын гана көрө алат. Ал эми башка мүчөлөрүн так, даана көрүү эч мүмкүн эмес. Клитордун кичине башы аялдын жыныс мүчөсүнүн түпкүрүндө жайгашат. Мына так ушул кичине башты көпчүлүгү клитор деп түшүнүп келишет. Ал эми денечелери андан да ары жайгашкан. Изилдөөлөргө караганда, бул кичине баш ар бир аялзатында ар башка өлчөмдө болот. Маалыматтарга караганда, башы чоң клиторлуу айымдар төшөктө өтө сексуалдуу келишип, эң мыкты ойнош катары саналышкан.

Клитор эмне кызмат аткарат?

Аялдардын оргазмга жетүүсү эркектердикине караганда бир топ кыйынчылыкты жаратат. Ал эми клитор сексуалдык жактан дүүлүгүүлөрдү кульминациялык абалга жеткирип, рахатка бөлөйт. Оргазмга жыныстык катнаш же мастурбация жолу аркылуу жетсе болот. Бул үчүн жыныстык катнаш учурунда клитор үчүн тынымсыз кыймыл болуп туруусу зарыл. Тынымсыз кыймылдын натыйжасында клитордун денечелери кыймылга келип, ойгонушат. Ал эми оргазм алып бүткөндө тынчып калат. Мына ошондо гана аялзаты максималдуу канааттануу ала алат. Айрымдардын клитору жыныс мүчөнүн ооз жагына жакын болсо, кээ бирөөлөрдүкү тереңирээк жайгашкан. Клитору жакын жайгашкан аялдар жыныстык катнаш аркылуу эмес, кадимки колдун же тилдин жардамы аркылуу да оргазм ала алышат. Демек, клитору жакыныраак жайгашкандар оргазмга оңой бата алышат. Ал эми тереңирээк жайгашкандар оргазмга бата алышпай кыйналышат. Ошондуктан мындайлар эки эсе көбүрөөк кыймылдын болуусу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонсо болот. Буга кошумча клитор теридеги бырыштар менен жабылып калган учурлар да кездешет. Мунун айынан да клитор сезимталдыгын жоготот.

Аялды кантип рахатка батыруу керек?

  • Алгач өнөктөшүңүздүн дене сырларын мыкты өздөштүрүү керек.
  • Клитор өтө сезимталдуу орган болгондуктан, аны “чү” дегенде эле оорутуп алуудан качыңыз.
  • Эгерде клитор тереңирээк жакта жайгашса, шашпай, назик мамиле кылуу керек. Өнөктөшүңүздүн дүүлүгүп чыкканын байкасаңыз, дагы ашыкпай эркелетиңиз. Качан даяр болуп, чыңалып чыккандан кийин гана ишке киришиңиз. Мына ошондо гана сиз күткөндөй жыйынтык болот.
  • Клитору жакын жайгашкандар өтө сезимтал келишет. Мындай айымдардын көпчүлүгү атка жайдак минип жүрүүдө, велосипед менен сейилдөөдө да жагымдуу сезимдерге кабыла алышат.

Дүүлүктүрүүчү ыкмалар

  • "Айым эркектин үстүндө" ыкмасы – эң башкы ыкмалардын бири. Жамбашты алдыга, артка бир калыпта кыймылдатуу менен, клитор менен “алигинин” ортосунда болуп көрбөгөндөй тыгыз байланыш болот.
  • Эркектин үстүнө чыгып, жүзүн карап бетме-бет отурат. Сааттын жебеси сымал кыймылдап жаткандай колдору менен өнөктөшүнүн белдерин кыса-кыса кармалайт. Ушундан улам “алиги” айымдын жыныс кынына тереңдеп кирип отурат. Мындай ыкма учурунда өнөктөштөр рахаттын туу чокусуна барып келгендей абалда болушат.
  • Ал эми мында болсо эркек айымдын арт жагына жатып, ишин бүтүрөт. Бул ыкмада эркек кол менен айымдын жыныстык кынын массаждап, болуп көрбөгөндөй дүүлүгүүгө жеткире алат.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №358 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mirlanpiter
2020-11-02 00:40:57
Үй бүлөлүү эркектер үчүн жакшы кеңеш экен,,аялыбыздын кумарын кандыруу биздин эң башкы милдетибиз парзыбыз,ошону биз аткарышыбыз керек
+25
mirlanpiter
2020-11-02 00:46:39
Бир аялыбызды жакшы кумарга батыра албай анан көчөдөгү кыздарды карайбыз, Кудай ошол аялыбызды бизге нике кайып болуп бердиби,демек жакшы жар кылып алуу биздин эркектик милдетибиз.ак никелүү аялыбызды жакшы карасак бизге да ошондой мамиле кылат . өз жашоомдон алып айтып жатам
+23
Ahunov
2020-11-02 23:32:06
Ох кандай сонун
Окуган сайын окугун келет
0
Kuyoo_bala
2020-11-03 23:09:39
Менин аялым тез оргазмга батат,клитору жакын окшойт)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан