Биз социалдык тармакта

Балбак Түлөбаев: "Жакында бүт акимиаттар элди 2 сааттан кабыл алат"

Жакын арада бүт акимиаттар, шаардын кызмат жетекчилери элди 2 сааттан кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Эртеңден баштап Медер Бейшеналиев, Дастан Шаршеев, Абдес Анарбеков мага жардам берет. Социалдык тармактагы элдин арыз, суроо-талаптарына жооп беришет.

Жакын арада бүт акимиаттар, шаардын кызмат жетекчилери ордуларынан элди 2 сааттан кабыл алат. Биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин. Бардык жерде аралык сакталып, санитайзер, бет кап колдонулушу керек", - деп жазган Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 27-октябрда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Merch
2020-11-02 10:19:09
Иштегиле
+3
Abdu77
2020-11-02 10:47:54
Балбак Тулобаев молодец
+3
AdylbekB84
2020-11-02 13:49:40
Өзү ушул эле боло турган мэр, кийинки шайлоодо дагы шайлансаго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан