Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 2-4-ноябрда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат. Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын тургундары менен жолугушат.