Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунда 1-ноябрь күнү саат 10:10до ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан.
Батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.