Бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жалпы жамаатка тааныштырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, тааныштыруу саат 11:00дө болот. Аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов тааныштырат.
Айрым маалыматтарга ылайык, бул кызматка Элчибек Жантаев дайындалган. Ал буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.