"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Абыгер чегүү - азап тартуу, кыйналуу, капа болуу, түйшүк тартуу. Мисалы: Адыл аганын өзү айткандай, бирөөнүн кабагы бүркөлө калса, баары абыгер чегип, ошонун үстүнө түшө калышат. (А.Убукеев)
2. Кудайдан жөө качкан - өтө шум, ашкан митаам, куу. Мисалы: Ал бирди эки кылган, Кудайдан жөө качкан неме. ("Чалкан")
3. А-бу дегенче - бат эле, тез эле, ары-бери караганча. Мисалы: Ааламга жарык күйүп, элдин көзү ачылганда, экөөбүз а-бу дегенче, карылыктын кирип келгенин көр, өтүп бара жатабыз. (Егиналиев).