Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кызыктарга бай "Өзгөн базарынан" репортаж (видео)

Өзгөн - Кыргыз өлкөсүндөгү байыркы шаарлардын бири. Өзгөн Караханиддер доорунда бүтүндөй Азия чөлкөмүнө базарлары менен даңкы чыккан. Калаа VIII-IX кылымдарда эле чеп менен корголуп, XII кылымда Караханиддер династиясынын борборуна айланган. Убагында Фергана өрөөнүнүн чоң соода борбору дал ушул Өзгөн болгондуктан, Улуу Жибек жолунан өткөн соодагерлердин базарларга кайрылып өтүшү салт эле. Караханиддер доорунда Өзгөн шаары маданий жактан гүлдөп-өнүккөн.

Айрым изилдөөлөрдө калаа ошол убакта алдыга оозуп өнүккөнүнөн улам Озгон делинип, кийин Өзгөн деген аталышка өтүп кеткен. Шаарда ири борбордук базар жайгашкандыктан биздин тартуучу топ өзгөчө кызыктарга бай "Өзгөн базарындагы" соодагерлер менен бир күн өткөрдү.

Базарга киргенде эле кыймыл жанданганы байкалып, аңкыган жыттан табит ачылды. Анткени ашканалардан түтүн чыгып, жасалган тамактардын жыты буркурап, мурдубузга келип турду.

Нандын жыты чыккан жакка барсак, тандырга ысык нан жабылып жатыптыр. Наабайчыны кепке тарттык. Күнүнө нан жаап 1000-2000 сомго чейин акча табам деген Ислам Мамадалиев жумуш үстүндө сүйлөп берди.

Расмий маалыматтар боюнча, "Өзгөн базарында" 5 миңге чукул соодагер эмгектенет. Алар базар ачылганда ырыскы издеп келишип, базар жабылганда үйлөрүнө кайтышат.

Учурда Өзгөнгө келген ар бир конок, кудалар, туристтер сөзсүз байыркы Өзгөн мунарасын көрүп, көөрү төгүлгөн усталардын эмгегине суктанып, сүрөткө түшүп, Өзгөндүн, Өзгөн күрүчүнөн даярдалган өзгөчө паалоосунан жеп, сый-урмат көрүп кайтышат. Кийинки берүүлөр Өзгөн күрүчүнөн жасалган паалоо жана Кыргыз өлкөсүнүн 7 кереметинин бирине кирген Өзгөн мунарасы тууралуу болот.

Өзгөчө кызыктарга бай "Өзгөн базары" тууралуу видеорепортаждан көрүңүз!

Өзгөчө кызыктарга бай “Өзгөн базарынан” репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alaialaibekov
2020-11-02 16:39:37
Озгон эн арзан ,берекелуу шаар .
+10
Aguwa
2020-11-03 08:42:00
Ушул Озгондогу мунарага барсан айланасы купкурук бир кооздук жок, озбек туугандар болгондо гул бакча кылып койсо керек эле тегерегин. Ушул жерге озгочо конул бурушса болмок, канчалаган адамдар Озгон дегенде мунараны башкача элестетип келишет, а чындыгында андай эмес, кургап калган эле жерде жалгыз мунара тургандай
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан