Эртең, 3-ноябрда кыш мезгилине даярдануу максатында Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдө таза суу берүү убактылуу токтойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаардык суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу эртең, 3-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Абдрахманов көчөсү 130 дарегинде жайгашкан турак үйлөрдө, Тыныстанов 60, 62, 64, Эркиндик бульвары 3, 5, 7, Түгөлбай Ата көчөсү 69 даректеринде таза суу берүү убактылуу токтойт.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз жана шаардыктардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөбүз", - деп билдиришти мэриядан.