Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын балансына демөөрчүлөр тарабынан курулган билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-октябрда Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Токбай айылында комплексти Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүү боюнча иш-чара болуп өттү.
2018-жылы "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетинин демөөрчүлөрүнүн эсебинен Токбай айылында билим берүү комплексин салган. Алгач бул жерде жетим балдар окутулары каралган. Бирок 2 жыл аралыгында ар-кыл бюрократиялык себептерден улам комплексти мамлекетке өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон эмес.
Мындан бир канча күн мурда "Ас-Салам" фондунун директору Нурмухамед Миңбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго аталган маселе менен кайрылып, ал аркылуу маселе ыкчам чечилген.
Жакынкы мезгилде аталган комплекс кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдаланылары болжолдонууда.